УКМК КР коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюу жана алдын алуу максатында Интернет мейкининдегимониторинг жана анализ иштерин жүргүзүүдө, 2020-жылдын 25-мартында чындыка дал келбеген маалыматтарды жарыялап тараткан «The Asia Times» маалыматтык сайты аныкталды.
Такталган боюнча аталган сайт, «Кыргызстанда эки адам коронавирустан каза болду»делген аталыштагы жалган маалыматты таркатып, Кыргызстандагы калк арасында паникалык маанайды жараткан.
Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 344-беренеси (Билип туруп жалган маалымат таратуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ