Menu

Кыргызстанга 7 миллион сом бөлгөн Даниэл Ажиев ИИМ тарабынан кармалды

Бөлүшүү:

Кыргызстанга таажывирус илдети менен күрөшүү үчүн жети миллион сом бөлгөн Даниэл Ажиев кемсинткен билдирүүлөрдөн кийин кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аны текшерүү учурунда марихуана баңги каражатын колдонгону аныкталган.

Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында кармалган жарандын кемсинткен билдирүүсү талкууланып, бир катар нааразычылыктарды жараткан. Ал жек көрүү жана кастыкты козутууга түрткөн кемсинткен сөздөр коштолгон ачык билдирүү жасаган.

26-март күнү Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Жазык кодексинин 313-беренесинде (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип Бишкек шаарынын тургуну — 1990-жылы туулган Даниэл Ажиев кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Күбөлөндүрүүнү жүргүзүү учурунда ал марихуана баңги каражатын колдонгону аныкталды», – деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: