Menu

ИИМ: 6 миллион элди оозго алгыс сөздөр менен сөгүп-саккан Даниэль Ажиев кармалып, марихуана колдонгондугу аныкталды

Бөлүшүү:

Бишкекте жарандарды кемсинткен билдирүүсү үчүн Даниэль Ажиев кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 27-мартта билдирди.

Алардын айтымы боюнча, күн мурун, 26-мартта ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

КРнын Жазык кодексинин 313-беренесинде (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип Бишкек шаарынын тургуну, 1990-жылы туулган Даниэль Ажиев кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Күбөлөндүрүүнү жүргүзүү учурунда ал марихуана баңги каражатын колдонгондугу аныкталды” – деп айтылат маалыматта.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: