Өзбекстанда 72 жаштагы таажывирус илдети менен жабыркаган алгачкы адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Каза болгон жаран аял киши болгон. Ал вирусту Түркиядан келген кызынан жуктуруп алган. Бейтап 26-мартта Намангандагы жугуштуу оорулар ооруканасына таажывирус диагнозу менен жеткирилген. Ошол эле күнү саат 23:00 чамасында атайын лабораториялык анализдин жыйынтыгында ал бейтаптан вирустун бар экени аныкталган.
Маркум көп жылдан бери диабет жана жүрөк оорусунан жабыркап келген.
Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда, алгач 15-мартта Франциядан келген жарандан таажывирус аныкталган. Учурда өлкөдө таажывирус илдети менен жабыркагандардын саны 75ке жеткен, алардын ичинен 11 жаран медицина кызматкерлери.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ