23-мартта КР УКМК ИИМ менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында КР жараны 1984-жылы туулган Нарын областынын Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жумагулов Эрнист Ишенбаевич аныкталды. Эрнист Жумагулов соцтармактар аркылуу Ат-Башы-Бишкек жолундагы Кочкор санитардык постунда укук коргоо органдары паспортторду текшербестен, 200 сом алып коё берүүдө деген маалыматты тараткан.
Эрнист Жумагулов менен профилактикалык иш чаралар өткөрүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады. Учурда анын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш аракеттер жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, 0(312) 88 16 84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда. Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ