23-мартта КР УКМК ИИМ менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында КР жараны, 1964-жылы туулга, Баткен областынын Кызыл-бел айылынын тургуну Мурзакаримова Гулнара Араповна өзү “тез жардам” кызматында иштеп туруп, Баткен областындагы коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу жалган маалыматтарды тараткан.
Гулнара Мурзакаримова кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн элден кечирим сурады. Учурда анын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш аракеттер жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, 0(312) 88 16 84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда. Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ