Бүгүн, 27-мартка карата Казакстандын Жамбыл облусунда таажывирусун жуктуруп алган 3 адам аныкталды. Бул тууралуу брифингде Жамбыл облусунун Товар жана кызматтардын сапаты, коопсуздугу департаментинин башчысы Берик Жаркымбаев билдирген.
Таажывирусун жуктуруп алгандар – 29, 46 жана 24 жашта.
“Таажывирусун 1 учуру Шу районунда, ал эми калган 2 учур Кордай районунда катталды. Бардык жаңы учурлар сырттан ташылып келинген, 3 адам тең Кыргызстандан келишкен” – деп билдирди департаменттин башчысы.
Башкы мамлекеттик санитардык дарыгердин чечимине ылайык, таажывирусун жуктуруп алган адамдар карантиндик ооруканада изоляцияланып, лабораториялык текшерүүлөр жүргүзүлгөн.
“Таажывирусун жуктуруп алгандар стационардык дарылоо үчүн жугуштуу оорулар ооруканасына жеткирилген. Алардын абалы канаттандырарлык. Эпидемияга каршы бардык иш-чаралар жүрүп жатат. Алар менен байланышта болгон бардык адамдар аныкталып, лабораториялык текшерүүдөн өтүшкөн. Байланышта болгондордун арасынан таажывирусун жуктуруп алгандар аныкталган эмес” – деп кошумчалаган Берик Жаркымбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ