Menu

Жалал- Абад шаарынын аймагынан – 24 адам кармалып, мыйзам чегинде чара көрүү үчүн ШРИИБге жеткирилген

Бөлүшүү:

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда учурда жалпысынан – 40тан ашуун санитардык-карантиндик посттор иштеп, анда күнү-түнү укук коргоо органдарынын, аскер кызматтарынын, санитардык-дезинфекция кызматтарынын кызматкерлери дарыгерлер менен биргеликте элдин саламаттыгы үчүн кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 26-мартынан 27-мартка караган түнкү коменданттык саатучурунда (20-00дөн 07.00 чейин) коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн Сузак районунан 29, Жалал- Абад шаарынын аймагынан – 24 адам кармалып, мыйзам чегинде чара көрүү үчүн ШРИИБге жеткирилген. Ошондой эле аталган аймактардан жалпы 4 автоунаа кармалып, айып аянтчасына коюлган.

Аталган адамдарга карата “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 28-беренесине ылайык коменданттык саатты бузгандыгы үчүн протоколдор толтурулуп, ШРИИБде коменданттык саат бүткүчө кармалып, мыйзам чегинде чаралар көрүлгөн.

Ошондой эле, Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек автожолундагы “Беш-Кепе” жана “Боз-Чычкан” блок-постторунан жалпы 153 унаа, анын ичинен 122 жүк ташуучу автоунаа КРнын ИИМдин ЖКККББнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин коштоосу менен өткөрүлгөн.

Бул блок-посттордо медицина кызматкерлери да кызмат өтөшүп, алардын көрсөтмөсү менен ден-соолугуна байланыштуу, зарыл болгон автоунаалар дагы кое берилген. Эскерте кетсек, жеке автоунаалар коменданттык саат киргизилгенге чейинки убакыттарда Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагынан өтүп кетүүсү керек.

Белгилей кетүүчү жагдай, блок-посттордон өтүү үчүн жарандардан
келип түшкөн арыздар коменданттын штабы тарабынан ирээти менен өз
нугунда каралып, өзгөчө зарылдыгы бар багыттарга уруксат кагаздарын
(пропуск) берүү иштери жүрүүдө.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: