Menu

Кыргызстанда дагы 14 адамдан таажывирус аныкталды, алардын жалпы саны 58ге жетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-март саат 14:00гө карата Кыргызстанда таажывирусун жуктуруп алган дагы 14 адам катталды. Бул тууралуу өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымы боюнча, жаңы учурлар Жалал-Абаддын Сузак районунда (7 адам) жана Оштун Кара-Суу районунан – 1, Ноокат районунан – 2, Өзгөн районунан – 3 жана Ош шаарынан – 1 адам (жалпысынан 7 адам)  катталган. Алардын арасынан 5 киши умрадан келген, ал эми калган 9 адам алар менен байланышта болгон. Бүгүн аныкталган 14 адамдын 10 кишиси аялдар, 4 адам эркек. Жашы боюнча 1 жаштан 68 жашка чейинки жарандар. Булардын баарынын байланыштары такталып, көзөмөлгө алынды.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча таажывирусун жуктургандардын саны 58ге жетти. Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 27, Ош облусунда – 26 , Бишкек шаарында – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган) , Баткен облусунда – 1 адам.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: