25-мартта КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында аймактар аралык кастыкты козуткан Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы Бает айылынын тургуну, 1981- жылы туулган Карагулов Мирлан Казыбекович аныкталды.
Такталган боюнча, Мирлан Карагулов “Фейсбук” социалдык тармагында аймактар аралык кастыкты козутуучу провокациялык пост жайгаштырган.
Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн материалдары КР кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүмү (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Учурда тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө.
Тергөө уланып жатат.
УКМК эскертет, аймактар аралык кастыкты козутуучу мындай мүнөздөгү провокациялык жана башка маалыматтарды жайылткандар үчүн КР мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ