Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-мартта, Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргызстан менен Дүйнөлүк банк ортосундагы кызматташтыктын учурдагы макамы жана жакынкы жылдар аралыгында иш алып баруусу, өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Коронавирус инфекциясынын дүйнөгө жайылышынан улам жаралган кырдаал тууралуу пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы Дүйнөлүк Банктын долбоорлору өлкө экономикасы менен жарандардын байгерчилигин жогорулатуу үчүн стратегиялык максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн маанилүү болгон бардык чечүүчү тармактарды камтыганын белгиледи.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков аймактагы башка өлкөлөр менен катар Кыргызстандын экономикасы да коронавирус инфекциясынын дүйнөгө жайылышынан улам терс кесепетине кабылганын билдирди.

Бул кырдаал өлкөнү өнүктүрүү пландарынын убагында ишке ашуусун кыйындатып, бюджеттин чыгаша беренелерин кайрадан карап чыгууга мажбурлап жаткандыгын кошумчалады.

Ушундан улам Президент Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банкка дүйнөдөгү жана өлкөдөгү түзүлүп жаткан кырдаалды эске алуу менен Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоо маселесине түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар бул багытта өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдары менен активдүү иштер жүрүп жаткандыгын белгилеп, башка долбоорлорго жумшалчу каражаттын бир бөлүгү саламаттык сактоо түзүмүн колдоого бөлүштүрүү маселеси чечилгенин билдирди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы пандемиянын алдын алууга багытталган «Коронавируска чукул жооп кайтаруу» долбооруна каражат бөлүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Болормаа Амгаабазар Дүйнөлүк банк тарабынан коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жалпы бюджети 160,0 млрд АКШ долларын түзгөн көмөк көрсөтүү фонду түзүлгөнүн билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: