Menu

Видео – Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө 5 кыргызстандыктан таажывирусу аныкталып, ошол жакта ооруканаларда жатышат

Бөлүшүү:

Чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандык жарандардын арасынан 5 адамдан таажывирусу табылган. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымы боюнча, Бириккен Араб Эмираттарында, Пакистанда жана Испанияда жүргөн кыргызстандык жарандардан таажывирусу аныкталган.

“Бириккен Араб Эмирликтеринин Жидда шаарында 1 кыргызстандык жарандан таажывирусу аныкталаган. Ал 15-марттан бери дарыланып жатат, анын абалы канаттандырарлык. Ошондой эле, Пакистанда дага 3 кыргызстандыктан таажывирусу аныкталган. Жарандардын бүгүнкү күндөгү абалдары жакшы, бардыгы тиешелүү түрдө дарыланып жатат.   Испанияда дагы кыргызстандык жарандан таажывирусуна анализ алынып, инфекциянын жеңил түрү аныкталган. Элчиликтин берген маалыматы боюнча, анын абалы канаттандырарлык”- деп билдирди Айнура Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча таажывирусун жуктуруп алгандардын саны 58ге жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 31 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: