Menu

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун уулу Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын депутаты болуп шайланды

Бөлүшүү:

Тажикстан республикасынын президенти Эмомали Рахмондун уулу Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын депутаты болуп шайланды. Бул тууралуу  Душанбе шаарынын администрациясынан тажикстандык “Азия плюс” басылмасына билдиришти.

Маалыматка караганда, анын талапкерлиги бүгүн, 27-мартта эл депутаттарынын шаардык жана борбордук райондук мажилисинин биринчи биргелешкен сессиясында бир добуштан колдоого алынган.

Рустам Эмомали 2017-жылдын апрелинде жана үстүбүздөгү 2020-жылдын мартында борбор калаанын Мажилисинин депутаты болуп шайланган.

Ошондой эле биргелешкен сессияда Тажикстан техникалык университетинин ректору Ильхом Амонзод, Тажикстан медициналык университетинин ректору Махмадшо Гулзода, ТНУнун юридикалык факультетинин деканы Дилшод Рахмон жана борбор шаардын билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.Сомони Лола Одилбекованы парламенттин жогорку палатасынын мүчөлөрү болуп шайланышты.

Эске салсак, парламенттин жогорку палатасынын 25 мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан шайланат (ТоолууБадахшан АО, Согди, Хатлон, Душанбеден жана РРСтын ар биринен 5тен депутат), ал эми Тажикстандын Президенти өз жарлыгы менен 8 депутатты дайындайт. Тажикстандын мурунку президенттери, кааласа, республиканын парламентинин жогорку палатасынын түбөлүк мүчөсү боло алышат.

Тажик саясат таануучуларынын жана эксперттеринин божомолуна караганда, Рустам Эмомали сенатор эле болуп калбастан, өлкөнүн парламентинин жогорку палатасынын спикери болуп шайланышы мүмкүн.

Ошентип, жакынкы келечекте ал расмий түрдө Тажикстандагы президенттен кийинки экинчи адам болуп калат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: