АКШ бийлиги Венесуэланын лидери Николас Мадурону колго түшүрүү үчүн 15 миллион доллар сыйлык жарыялады. Бул тууралуу АКШнын Адилет министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.
Вашингтон Николас Мадуронун өзүн жана өлкөнүн жетекчилигин баңги аткезчилиги үчүн айыптады. Айыпталгандардын тизмесинде: республикалык уюштуруу чогулушунун башчысы Диосдадо Кабельо Рондон, Венесуэланын аскердик чалгындоо кызматынын мурдагы башчысы Уго Карвахаль Барриос, отставкадагы генерал-майор Кливер Алькала Кордонес жана Венесуэланын экономика жана каржы боюнча вице-президенти Тарек Зайдан Эль-Айссами Мадда. Алар үчүн дагы АКШ 10 миллион доллар сыйлык дайындады.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын январынан тарта өлкөдө массалык нааразычылык акциялары уланып, оппозициянын лидери Хуан Гуаидо өзүн убактылуу мамлекет башчысы деп жарыялаганына карабастан, Николас Мадуро Венесуэланын президенти болуп турат. Хуан Гуаидону АКШ жана башка бир нече мамлекет колдогон. Ал эми Николас Мадурону Россия, Кытай жана Түркия колдогон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ