Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон таажывирусун жуктуруп алды. Ал бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Твиттердеги баракчасы аркылуу кабарлаган.
“Акыркы 24 саат ичинде менде таажывирустун жеңил белгилери байкалып, дарыгердин кеңеши менен анализ тапшыргам, жыйынтыгында инфекция табылды. Азыр мен өзүмдү обочолоп жатам, бирок мен өкмөттү видеоконференция аркылуу жетектей берем. Биз биргеликте жеңебиз” – деп билдирген Борис Жонсон.
Over the last 24 hours I have developed mild symptoms and tested positive for coronavirus.
I am now self-isolating, but I will continue to lead the government’s response via video-conference as we fight this virus.
Together we will beat this. #StayHomeSaveLives pic.twitter.com/9Te6aFP0Ri
— Boris Johnson (@BorisJohnson) March 27, 2020
11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы типтеги таажывирусту “пандемия” деп жарыялаган. Аталган уюмдун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө 465 миңден ашуун адам таажывирусуна чалдыккан, 21 миңден ашык киши илдеттен улам каза тапкан.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ