Menu

Аида Касымалиева 14 күндүк үй карантининен кийин таажывируска анализ тапшырып, анын жыйынтыгын айтты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева 14 күндүк карантинден кийин таажывируска кайрадан анализ тапшырып, жыйынтыгында депутаттан инфекция табылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Аида Касымалиева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Экинчи жыйынтыктоочу анализим да таза чыкты. Таажывирус жок. 14 күн үй карантини да бүгүн соңуна чыкты. Онлайн да көп жумуштарды аткарууга аракеттенип жаттым, эми алдыда – жумуш көп. Азыр Штабдын ишине да Жогорку Кеңештин депутаттары катышсын деген кат даярдап жатабыз. Буйруса, баарыбыз биргеликте жеңебиз” – деп жазган Аида Касымалиева.

Белгилей кетсек, Аида Касымалиева 13-мартта Германиядан иш сапарынан учуп келген. Ал жактан Бишкекке келер менен вице-спикерди жана анын коллегаларын 14 күндүк үй карантинине алышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: