Нью-Йоркто таажывирус эпидемиясынын кеңири жайылышынан улам чатырлар менен автотрейлерлерден убактылуу өлүкканаларды орнотуп жатышат.
Нью-Йорк шаарынын калкынын жарымы таажывируска чалдыгышы мүмкүн, ошондуктан чатырлар менен автотрейлерлерден убактылуу өлүкканаларды орнотуп жатышат, анткени шаардын өлүкканалары ансыз деле толуп-ашып иштеп жатканы белгилүү.
Пациенттерди кабыл алып, диагноз коюу үчүн тигилген чатырлар азыр деле иштеп жатышат. Бул тууралу Нью-Йорк шаарынын мэри Билл де Блазио билдирди деп, Politico басылмасы жазып чыкты.
Нью-Йоркто пациенттерди кабыл алып, диагноз коюу үчүн тигилген чатырлар.
Таажывирус жуктуруп алгандардын 80% жеңил формада өтөт, ал эми 20% ооруканаларга жаткырылат деп болжолдонууда.
Ошондой эле таажывирус пандемиясы сентябрь айына чейин гана созулат, андан кийин токтойт деп эсептешет.
Нью-Йорктун Белвью ооруканасынын алдындагы рефрижатор-өлүкканалар.
АКШнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча таажывирус жуктургандардын 56%нын жашы 50 жашка жете электер. Бирок таажывирустан өлгөндөрдүн 75% 45 жаштан жогоркулар.
Источник: news.liga.net
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ