Ош облусунда 23 жаштагы келин өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдирет.
Алардын айтымы боюнча, 26-март саат 00:30да милициянын бөлүмүнө Кеңеш айылынын 1997-жылы туулган И.Э. аттуу жараны өз үйүндө асынып алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факт катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Шаардык соттук-медициналык экспертизанын маалыматына ылайык, анын денесинде зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес. Мойнунда асынып алган жиптин гана изи бар болгон.
“Маркумдун сөөгүн ошол эле күнү туугандары Баткен облусуна алып кетишкен” – деп айтылат маалыматта.
Такталгандай, маркум Баткен облусунда туулуп, өскөн. Ал 2019-жылдын ноябрь айында Ош облусуна турмушка чыгып, жолдошу менен 5 ай гана жашаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ