Menu

ИИМ: Кыргызстанда милициянын 30 көчмө автокабылдамасы иштей баштады

Бөлүшүү:

Азыркы учурда республиканын аймагында 30 милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барат. Жогорудагы автоунаалар жарандарды кабыл алуу үчүн GPS түзүлүштөрү, жабдыктар менен камсыздалган. Ай сайын аймактык ички иштер органдарынын башчылары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчылары бекиткен графиктин негизинде калк жыш жайгашкан пунктарды кыдырышып, жарандарды кабыл алышып, маектешип, арыздарын, билдирүүлөрүн жана кайрылууларын кабыл алышат.
Азыркы учурда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосу менен ар бир автоунаага бир ай үчүн 75 литр күйүүчү май бөлүнүп берилип жатат.
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус илдетин алдын алуу үчүн март жана апрель айларына Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан республиканын ИИОнун милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасынын ар бирине 400 литрден күйүүчү май бөлүндү.
2018-жылдын 2-июлунда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсеси «Фольксваген-Транспортер» үлгүсүндөгү автоунаадан төрттү Нарын жана Талас облусунда милициянын көчмө кабылдамасына иштетүү үчүн тапшырылган.
Андан сырткары, 2019-жылдын 4-июль күнү ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси кызматташунун алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жана Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ИИБдин, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык ИИБдин, Ош облусунун Кара-Кулжа райондук ИИБдин, Баткен облусунун Кадамжай райондук ИИБдин жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-торо райондук ИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын көчмө кабылдамасы үчүн «Тойото-Хаяс» үлгүсүндөгү 6 автоунаа тапшырган.
2019-жылдын ичинде жалпы республика боюнча 3112 жолу милициянын көчмө кабылдамасы менен жолго чыгышып, 8240 жаранга кызмат көрсөтүп, 2951 кайрылууларды жана арыздарды, анын ичинен коопсуздукка байланышканы-684 кабыл алышкан.
Ал эми 2020-жылдын 2 ай ичинде жалпы республика боюнча 371 жолу милициянын көчмө кабылдамасы менен жолго чыгышып, 2285 жаранга кызмат көрсөтүп, 350 кайрылууларды жана арыздарды, анын ичинен коопсуздукка байланышканы-36 кабыл алышкан.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: