Menu

Видео – Камакка алынган ишкер Даниэл Ажиевдин энеси Сайкал Ажиева элден баласы үчүн кечирим сурап, Президентке кайрылуу жасады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-мартта кечээ камакка алынган ишкер Даниэл Ажиевдин энеси Сайкал Ажиева баласы үчүн элден кечирим сурап, аны абактан чыгарып берүүнү суранып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады.

“Сооронбай Шарипович, 7 млн сомго 7 облуска жүктөлгөн товарлар фураларда турат. Баламды кечээ күнү милицияга кармап кетишти. Ошону гана чыгарып бериңиз, көптөн-көп мен сиздерден суранамын, элдер күтүп жатышат, эки жактан элдер чалып жатышат… мен кыргыз элинен, урматтуу ажобуздан кечирим сурайм. Бул бала кыргыз үчүн жанын берүүгө даяр. 7 облуска кете турган фуралар кетпей турат. Баламды, Ажиев Даниэлди милициядан чыгарып берсеңиз 7 облуска товарлары жетсин…”, – деп кайрылды Сайкал Ажиева.

Эсиңиздерге сала кетсек, мурун вебкам студия ачып кыздарды иштеткендиги үчүн жазага кириптер болгон ишкер Даниэл Ажиев ушул жуманын башында таажывируска байланыштуу 7 облуска 7 миллион сомдук жардам көрсөтүүнү чечкенин жарыялап, Чүй облусундагы аялуу катмарга азык-түлүктөн жардам бере баштаган. Бирок социалдык тармактарда Ажиевдин акчасы арам жол менен табылган, жардамын албагыла деген чакырыктар жазылып, ызы-чуу түшүшкөн. Буга ызаланган Даниэл Ажиев кечээ 6 млн кыргыз элин ашата сөгүп, кийин өзүнүн мурунку досторун тилдеп буркан-түшкөн.

Милиция аны кармап, Даниэл Ажиев КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (улуттар аралык, этникалык, расалык кастыкты козутуу) боюнча айып тагылып, камакка алынганын билдирген.

Булак: KyrgyzToday.kg            

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: