Menu

Кыргызстанда «Биз барбыз» аттуу элдик штаб түзүлдү

Бөлүшүү:

Кыргызстанда «Биз барбыз» аттуу элдик штаб түзүлдү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Бул штабка ар бир каалоочу кире алат, телеграм, фейсбук, инстаграм топтору бар. Учурда топко өлкөнүн ар кайсы аймактарынан миңге жакын адам кошулган жана алардын саны күн сайын өсүүдө.

Алар өздөрүнүн иш-аракеттерин муктаждарга активдүү жардам берүү менен бириге башташты. «Биз барбыз» элдик штабдын иш-чаралары Республикалык штаб менен өнөктөштүктө ишке ашырылат.

Элдик штабда ыктыярчылардын тобу бар, алар керек болгон жерлерге тамак-аш, беткаптарды, коргоочу каражаттарды жеткирүүгө жардам беришет. Мисалы, обсервациядагы медицина кызматкерлерине жана санитардык-карантиндик посттордогу милиция кызматкерлерине жеткиришет.

Жакында эле эмгек жана социалдык коргоо министрлигине 3500 беткапты тапшырышты жана республикалык инфекциялык ооруканадагы дарыгерлер үчүн көптөгөн тамак-аш азыктарын жеткиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: