Menu

УКМК: Жалган маалымат тараткан кезектеги адамдар кармалды

Бөлүшүү:

25-26-мартта КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында КР жарандары 1992-жылы туулган, Кара-Балта шаарынын тургуну Русланбеков Эрлан Русланбекович жана 1993-жылы тулган, Чүй областынын Жайыл районунун тургуну Сыргабаев Адилет Сыргабаевич аныкталды.

Бул жарандар соцтармактар аркылуу жергиликтүү “райондук жугуштуу оорулар бөлүмүндө коронавирус жуктурган 15 адам жатат” деген жалган маалыматтарды таратышкан.

Эрлан Русланбеков жана Адилет Сыргабаев менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты.

Бул факты боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР кылмыш-жаза кодексинин 39- жана 280-беренесинин (Санитардык эпидемиологиялык эрежелерди бузууга аракеттенүү) белгилери боюнча катталды.

Эскерте кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, 0 (312) 88 16 84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: