27-марттан 28-мартка караган түндө Бишкекте коменданттык сааттын эрежелерин бузган 157 жаран кармалды. Бул туралуу бүгүн, 28-мартта брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
Алардын ичинен 23 аял, 3 өспүрүм, 134 эркек, анын ичинде 5 чет элдик жаран.
“Кармалгандардын бардыгы райондук ички иштер башкармалыктарына жеткирилген, 98 протокол түзүлүп, коменданттык саат бүткөндөн кийин коё берилди” , – деп билдирди комендант.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ