Бүгүн, 28-мартта Бишкек шаарынын коменденты брифингде элге кайрылып, жарандарды үйүнөн чыкпоого үндөдү.
Ал өзгөчө кырдаал учурунда жөнөкөй жарандар 3 гана себеп менен, дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек , дарыгерге, дарылоо процедураларына баруу үчүн гана чыга алыша турганын эскертти.
“Эгерде кандайдыр бир көйгөй болсо, анда коменданттын кеңсесине кайрылыңыз же 102, 103, жана 112 чалыңыз. Биз сөзсүз жардамга келебиз” – деп билдирди Алмазбек Орозалиев.
Ал өзгөчө кырдаал абалынын эрежелерин бузгандарга протокол түзүлүп, эскертүү берилерин же айып салына турганын белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ