Menu

Кыргызстан боюнча коменданттык саатта 223 жаран кармалды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-мартка карата республиканын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош облусу, Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакытта ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 223 жарандар жеткирилген.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошондой эле 11 автоунаа айып короосуна токтотулду.

Кармалгандардын ичинен Бишкекте- 157, Ош шаарында- 21, Жалал-Абадда- 20, Сузак районунда – 6,Кара-Суу районунда – 15 жана Ноокатта- 4 адам кармалган.

Кармалгандарга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

Үч күндүн ичинде өлкө аймагында 784 жаран коменданттык саатта кармалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: