Menu

Фото – Абактар менен түрмөлөр да таажывирустан корголууда

Бөлүшүү:

КР Өкмөтүнүн алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 2020-жылдын 16-мартында ЖАМКнын төрагасы, милициянын генерал-майору М.Турганбаевдин буюртмасына ылайык, жазаларды өтөө аймагында коронавирустун таралышын алдын алуу жана анын жайылышына тоскоолдук кылуу боюнча ЖАМКда ыкчам штаб түзүлгөнүн билдирет.
Аталган штаб тарабынан кызматтык бөлүктөрдүн бардыгына буга чейин иштелип чыккан атайын иш-чаралардын планы жана иш-аракеттин алгоритими берилген.
Учурда ЖАМКнын мекемелеринде жана анын Борбордук аппаратында, ошондой эле кызматкерлердин кызматтык бөлүмдөрүндө корона вирустун таралып кетпеши үчүн дезинфекциялоо боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүүүдө.
Ал жми, ЖАМКнын түзөтүү колонияларында колониянын өрт өчүрүүчү машиналары менен мекеменин кызматкерлери тарабынан дезинфекциялоо боюнча бир катар иш- чаралар жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, соттолгондордун уктоочу жайлары, ашкана жана кызматкерлердин бөлмөлөрү дайыма тартипке ылайык тазаланууда.
Күн сайын ишке келген кызматкерлер жана ЖАМКнын аскер кызматкерлери, ошондой эле температурасы көтөрүлүп, ден соолугунда оору белгилери байкалган соттолуучулар атайын тепловизордун жардамы менен текшерилет.
Учурда мекеменин кызматкерлери менен атайын контингенттин ичинде корона вирустун жугуусун алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери өткөрүлүп, дезинфекциялоочу каражаттар, медициналык бет каптар менен камсыздандырылды.
Мекеменин жетекчилиги вируска каршы түзүлгөн буга чейинки келишимдерге жетишүү максатында бардык чараларды көрүүдө. Эл аралык жана башка уюмдар менен жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп жатат.
ЖАМК Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ЭККК менен тыгыз байланышта иш алып барып, ЖАМКнын Талдоо жана мониторинг борборунда борбор калаадагы жана региондогу мекемелердин медициналык кызматкерлерин онлайн окутушууда.
Бүгүнкү күндө мекемелерде абал туруктуу.
Эске салсак, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, буга чейин ЖАМКнын оперативдүү штабы аркылуу бандеролдорду жана тамак аштарды кабыл алуу чекелген, ошондой эле соттолгондордун туугандары менен кезигүүгө убактылуу тыюу салынган.
Бирок, учурда жабык жайларда кармалып жаткандар үчүн гигиеналык жана жуунуучу каражаттар, ошондой эле дары-дармектер чектөөсүз кабыл алынууда.
ЖАМК жарандарыбыздан ушул оор күндөрдөгү убактылуу чектөөлөргө жана тыюу салууларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

   

    

   

   

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: