Бүгүн, 28-мартта Нур-Султан шаарында дагы 41 адам таажывирус илдетин жуктуруп алган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө Казакстанда жалпы 191 таажывирус илдети катталгандыгы тастыкталган. Алардын ичинен Нур-Султан шаарында 107, Алматы шаарында 57, Караганда шаарында 4, Жамбыл облусунда 3, Атырау облусунда 4 жана Акмола облусунда – 5, Шымкент шаарында – 2, Чыгыш Казакстан облусунда – 2, Алматы облусунда – 2, Актөбө облусунда – 1, Түндүк Казакстан облусунда – 1, Павлодар облусунда – 1, Мангыстау облусунда – 1 жана Кызылорда облусунда – 1 учур катталган.
Учурда Казакстанда өзгөчө кырдаал киргизилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ