26-мартта КР УКМК жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында 1979-ж.т. КР жараны, Ош шаарынын Жапалак айылынын тургуну Ажиев Султангазы Туратбекович аныкталды.
Султангазы Ажиев Жапалак айылында жергиликтүү эки тургун коронавирус жуктуруп алган делген жалган маалыматты социалдык тармактар аркылуу жайылткан.
Аталган адамга профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн элден кечирим сурашты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы укук коргоо органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.
Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ