Menu

Жеңишбек Жоробеков: “Тартипти күчөтүп көчөдө жүрүүнү азайтпасак, күндүз вирус көп таралышы мүмкүн”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-мартта Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты онлай брифингде элге кайрылып, мүмкүн болушунча үйдөн чыкпоого суранды.

Ал жарандар өзгөчө абалдын эрежелерин сактап, коменданттык саатта тургундар көчөгө чыкпай калганын белгиледи. Ал муну менен катар адамдар күндүзгү убакта дагы кыймыл-аракетти чектөө керектигин айтты.

“Биз тартипти күчөтүп көчөдө жүрүүнү азайтпасак, күндүз вирус көп таралышы мүмкүн. Көпчүлүк жарандарда тамак-аш маселеси боюнча кирип-чыгуулар көп болгондуктан, бүгүнкү күндө аймактарда ар кандай фонддор тамак-аш жеткирүү боюнча жардам берип жатышат, биз аларга ыраазычылык билдиребиз”, – деп билдирди комендант Жеңишбек Жоробеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: