Бүгүн, 28-мартта онлайн брифингде Ош шаары жана Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча коменданты Малик Нурдинов жарандардан келген суроолорго жооп берди.
Малик Нурдиновдун айтымы боюнча, жарандар бир райондон башка районго айыл өкмөт берген справка менен каттай албайт. Бир гана комендатура берген пропуск менен жүрө алат.
“Азыркы учурда айыл өкмөт өзү дагы справка менен жүргөнгө болбойт. Расмий бир гана комендатуранын пропускасы менен жүрүш керек. Айта кетсем пропуск деген бир жерден экинчи жерге этияттык менен коронтиндин нормаларын сактап жетип алуу дегендик. Пропуск алгандан кийин көчөлөрдө бирөөнүн жумушун, өзүңдүн жумушунду аткарып жүрө бербеш керек”,- дейт комендант.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ