Menu

Видео – Касымбек Мамбетов: “Бүгүн, 28-мартта Кыргызстанда таажывирусуна чалдыккан жаңы адам катталган жок”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-мартта саат 14:00гө карата Кыргызстанда таажывирусуна чалдыккан адам катталган жок. Бул тууралуу онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымы боюнча, таажывирусун жуктуруп алган бейтаптардын арасында 2 жаран жандандыруу бөлүмүндө. Алардын абалы орточо оор катары бааланууда. 4886 адам обсервациялоо жайларында, ал эми 3338 киши үй карантинине алынган.

Кыргызстан боюнча таажывирусун жуктургандардын саны 58ге жетти. Алардын ичинен:

Жалал-Абад облусунда – 27,

Ош облусунда – 26 ,

Бишкек шаарында – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган) ,

Баткен облусунда – 1 адам.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: