Menu

Видео – Касымбек Мамбетов: “Ала-Букада обсервацияда жаткан 82 жаштагы аял таажывирустан эмес, өнөкөт ооруларынан улам бүгүн түндө көз жумду”

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунда 82 жаштагы улгайган аял таажывирусунан каза болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

“Ал аял чет мамлекеттен келген. Биз алгоритмге ылайык, аны 17-март күнү Ала-Бука районундагы обсерваторго жайгаштырганбыз. 19-мартта ПЦР анализи  Ошко жөнөтүлүп, 20-мартта жыйынтыгы чыгып, андан таажывирусу аныкталган эмес. Бирок, 23-мартта анын өнөкөт оорулары козголуп, акыбалы оорлошуп кеткен. Биз Жалал-Абаддан жана Бишкектен адистерди жөнөткөнбүз, алар консилиум өткөрүшүп, дарылап, аракет жасашты. Бирок, тилекке каршы, ал аял түндө дүйнөдөн кайтты. Биз жакындарына терең көңүл айтабыз” – деп билдирди Касымбек Мамбетов.

Ал дагы бир жолу каза болгон аял таажывирусунан көз жумбагандыгын белгилеп өттү. Анын айтымы боюнча, каза болгон аялда өнөкөт оорулар: пневмония, жогорку кан басымы, кардиосклероз болгон.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: