Таажывирус илдети менен жабыркап жаткан бейтаптарды карап жаткан дарыгерлер өзүлөрүнүн айлык акысынан тышкары кошумча 46 миң 360 сом алышат. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
“Иштеп жаткан дарыгерлер 14 күн иштеп, 14 күн үй карантинде болушат. Мындан тышкары вирус менен ооруп жаткан бейтаптарды караган дарыгерлер кошумча 46 миң 360 сом, орто билимдүү медициналык персоналдар 41 миң 885 сом, техникалык кызматкерлер 39 миң 660 сом акча алышат. Ошондой эле алардын кийип жүргөн атайын кийимдери дагы жакшы каралып жатат”,- деди Касымбек Мамбетов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ