Menu

УКМК: Аксы менен Таш-Көмүрдө коронавирус чыкты деп ушак тараткан аялдар кармалып, элден кечирим сурашты

Бөлүшүү:

25-26-мартта КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында КР жарандары 1961-жылы туулган, Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кербен шаарынын тургуну М.С жана 1984-жылы туулган, Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарынын тургуну аныкталды.

М.С. соцтармактар аркылуу жергиликтүу ооруканада коронавирус жуктурган адам келип түштү деген жалган маалыматтарды тараткан.

Р.К.И. Таш-Көмүр шаарында 2 адамдан коронавирус аныкталды деген такталбаган маалыматты таратып жиберген.

Алар менен профилактикалык иш чаралар өткөрүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты.

Бул факты боюнча материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Эскерте кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, 0 (312) 88 16 84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: