Menu

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов: Бардык көйгөйлөр кечиктирилбестен жеринде чечилүүгө тийиш

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, ага онлайн режиминде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэри катышты.

Кеңешмеде республиканын облустарындагы эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус инфекциясынын жайылуусуна жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар топтому талкууланды.

Тармактык министрликтердин жана ведомстволордун, облустук администрациялардын башчылары коронавирустун таркашынын алдын алуу тапшырмалары боюнча жасалган иштер жана көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат беришти.

«Мамлекеттик жана жергиликтүү органдар окуянын ар түрдүү өнүгүшүнө даяр болуп, келип чыккан маселелерди ыкчам чечүүгө тийиш. Бардык көйгөйлөр кечиктирилбестен жеринде чечилүүсү кажет. Жарандардын коопсуздугу үчүн биз мамлекеттик органдардын бардык күчтөрүн жана мүмкүндүктөрүн жумшап жатабы», – деди Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр укук коргоо органдары жарандардын жүрүү агымын болушунча азайтуусу керектигин дагы бир ирет эскертти. Адамдардын саламаттыгын сактоо чаралары көрүлбөсө, анын кесепети кейиштүү болушу мүмкүн.

«Кырдаалдын олуттуулугун жарандар өздөрү да түшүнүүлөрү абзел. Инфекциянын жайылуусун токтотуу үчүн ар бирибиз белгиленген эрежелерди сактап, сунуштарды карманууга тийишпиз. Өзгөчө зарылдык болбосо, жашоочулар үйлөрүнөн чыгышпасын», – деди Кубатбек Боронов.

Ал киргизилген чектөө чаралары жарандарга белгилүү бир оңтойсуздуктарды жаратып жатканын кошумчалады, бирок бул кадамдар калктын коопсуздугу үчүн жасалууда.

Ошол эле учурда биринчи вице-премьер-министр азык-түлүк, медициналык товарларды ташууну, жүк ташууларды жана почта кызматтарын үзгүлтүксүз ишке ашыруу максатында жүк ташуулардын тоскоолдуксуз жүргүзүлүшү үчүн тармактык мамлекеттик органдарга аракеттешүү керектигин баса белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министр өзгөчө режим учурунда азык-түлүк дүкөндөрү, дарыканалар жана медициналык мекелер күндүзү иштей турганын айтты.  Анын айтымында, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери өз аймактарында азык-түлүк жана дары-дармектер менен камсыздоо үчүн ушул чөйрөлөр үчүн жооптуу тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун башчылары менен бирге жеке жоопкерчилик  тартат.

Биринчи вице-премьер-министр мажбур түрдө эс алуу күндөрүн алган бюджеттик уюмдардын кызматкерлери айлык акыларын алышарын эске салды. Анын пикиринде жеке компаниялар дагы мыйзамга ылайык мажбур түрдө эс алуу күндөрүн алган жумушчуларына төлөмдөрдү караштырууга тийиш. Анын үстүнө Өкмөт аларга насыялар, салыктар жана башка маселелер боюнча мөөнөтүн кийинкиге жылдырып, жеңилдиктерди берет.

Кубатбек Боронов демөөрчүлөрдөн түшкөн бардык каражаттар КР Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгынын эсебинде тургандыгын белгиледи. Анын маалыматы боюнча, каражаттарды курамына мамлекеттик кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген атайын комиссия бөлүштүрмөкчү. Чыгымдар, сарпталган ар бир сом үчүн отчет берилет. Бүгүнкү күнү тынчсызданууга себеп жок.

Жыйындын катышуучуларына маалымдашкандай, түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен Өкмөт калктын социалдык жактан аярлуу катмарына азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүүгө даярдык көрүүдө, жакын арада таркатуу башталат.

Жыйындын жүрүшүндө коронавирустун мындан ары жайылуу коркунучун эске алуу менен 7-апрелде белгилене турган Апрель Элдик революциясынын 10 жылдыгына карата уюштурулчу иш-чараларды башка учурга жылдыруу сунушу айтылды.

Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды кабыл алуу тапшырмасы берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: