Menu

Видео – Нарында “Лимонти” каймана аты менен таанымал болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-мартта болжол менен саат 13:00дө Нарын шаарында “Лимонти” каймана аты менен таанымал болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алмаз Сулайманов өлтүрүлдү. Бул тууралуу маалыматты Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы журналисттерге тастыктаган.

Учурда кылмыштын чоо-жайы расмий айтыла элек. Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, кылмышка шектүү делген кармалып, милициянын бөлүмүнө жеткирилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, “Лимонти” 1998-жылы Нарында УКТнын Имаш Шамиев аттуу мүчөсүн өлтүргөн. Анын сөөгүн килемге ороп өрттөп, Нарын дарыясына ыргытып жиберишкен.

Бүгүн Имаштын уулу Талгат Шамиев  чоңоюп, атасынын өчүн алган. Ал бүгүн Нарын шаарынын Ленин көчөсүндө өз машинасы менен “Лимонтинин” машинасын келип сүзгөн, Лимонтин токтоп, унаасынын эшигин ачып чыкканда аны Талгат Шамиев  унаасынын ичинен бычактап салган. Андан кийин Талгат Шамиев “Лимонтинин” сөөгүн унаасы менен милицияга чейин өзү алып келип, милицияга өзү колго түшүп берген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: