Menu

Табылды Акеровдун кыргыз элине кайрылуусу – Дүйнөнү биз жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат!

Бөлүшүү:

Кадырман кыргыз калкы!!!

Урматтуу мекендештер!!!

Урматтуу замандаштар!!!

Бүгүн дүйнө коомчулугу, адамзаты өз башынан өтө кооптуу күндөрдү өткөрүп жатат. Кытайдын Ухуан шаарынан тараган таажытумоосу шамалдай тездик менен дүйнөнүн жүздөгөн  өлкөлөрүнө  тарап кетти. Кытай, Италия, Испания ж. б. өлкөлөр көп жоготууларга дуушар болду. Таажытумоосу адамдардын кары-жашына, жынысына карабай мойсоп, өмүрүн алууда. Италияда, Испанияда бир күндө 700 дөн 900 гө чейин адам өлүмгө дуушар болгондугун угуп-көрүп жатабыз. Жакындан бери бул илдет АКШга келип, бүгүн анда миңдеген адамдар жапа чегип жатканы белгилүү. Бүгүнкү күнгө таажытумоосун дүйнө жүзүндө  500 миңдей киши жуктуруп алган. Дүйнө жүзү боюнча бул илдеттин айынан 21 миң адам көз жумду.

Таажы тумоосу дүйнө  өлкөлөрүнүн жашоосуна, экономикасына чоң залалын тийгизүүдө. Дүйнөлүк экономика тушалды. Соода-сатык басаңдады, айрым өлкөлөрдө токтоду.

Таажытумоосу башта Кыргыз жергебизди кайгып өтүп жатканы менен, «Тону жокко салам айт, өтүгү жокко өзүм барам» дегендей,  күтүлбөгөн жерден өлкөбүзгө кирип келди. Бүгүн таажытумоосу биздин арабызда, ал азыр ар бирибиздин жакындарыбызга: өмүрлүк жарыбызга, балдарыбызга, ата-энебизге, тууган-уругубузга коркунуч туудуруп жаткан кез. Бүгүн айрым мекендештерибиз бул ооруга чалдыгып,  өтө кыйын абалда калды.

Таажытумоосу өлкөбүздө пайда болгондун алгачкы күндөрүнөн тартып Президент С. Жээнбеков бул илдет менен күрөшүү боюнча коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Анын жыйынтыгында Кыргыз өкмөтүнө  тийиштүү тапшырмалар берилди. Таажытумоосу менен күрөшүү боюнча өкмөттүн алдында атайы штаб түзүлдү. Бугүн өкмөт бул илдетти жеңүү үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Кечээ жакындан тартып Бишкек, Ош, Жалал –Абад шаарлары, Сузак, Ноокат жана Карасуу райондоруна өзгөчө абал киргизилди.

Канткен менен, биздин  абалыбыз өтө эле жаман дегенден алыс болушубуз керек. Таажытумоосу бизге  акыркылардан болуп жетти, биздин бул илдет  менен күрөшүүдө бир аз болсо да артыкчылыбыз бар.

Биринчиден, биз Кытай жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн таажывирус менен күрөшүүдөгү тажрыйбасын үйрөнүп, алар кетирген катачылыктарды кетиргенге жол бербей, алардын тажрыйбасын туура пайдаланууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Экинчиден, таажытумоосу кайнап чыккан коңшу Кытай өлкөсү бүгүн аны женип чыкты. Бизге мурдагыдай чоң коркунуч болбочудай. Үчүнчүдөн, Президент С. Жээнбеков жана өкмөт өз учурунда бул илдетке өзгөчө  көңүл буруп, тийиштүү чараларды кабыл алууга жетишти. Мунун натыйжасында коркунучтуу вирустун өлкөгө кеңири жайылып кетпөөсу үчүн шарттар түзүлдү.

Бирок, ошол эле учурда жетишпегендиктерибиз да бар. Бул өлкөбүздүн  финансылык-экономикалык ресурстарынын тартыштыгы. Кыргызстандын акчасы жок. Бул илдет менен күрөштө экономикалык кубаты чоң Кытай, АКШ, Орусия өлкөлөрүнүн артыкчылыгы бар экени айтапаса да белгилүү. Алсак, экономикасы  зор АКШ өлкөсү бул илдет менен күрөшүүгө миллиарддаган доллар бөлүп жатат, жарандарын коргоо максатында ар бир атуулга 1200 доллар жардам чегерди. Ал эми чакан бизнести колдоого 350 миллиард доллар бөлдү.

Кыргызстанда бул илдет менен күрөшүүгө аздыр-көптүр 1млн. 200 мин сом акча бөлүндү. Бирок, биз экономикабыздын кубаты жок, финансылык абалыбыз начар деп мөгдүрөп олтуруп калбашыбыз керек. Биз жалгыз эмеспиз. Биз эгемендикке жетишкенден бери дүйнө коомчулугу менен тыгыз байланышып келдик. Биздин донор өлкөлөрдөн турган өнөктөштөрубуз бар, эл аралык финансылык  уюмдар бар.

Президент С. Жээнбеков республикабыздагы  донор өлкөлөрдүн жана эл аралык финансылык уюмдардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жургүзүүдө. Жыйынтык жаман эмес. Кечээ МВФ Кыргызстанга таажы тумоосу менен күрөшүугө 121 млн. доллар бөлгөндүгү маалым болду.  Бүгүн болсо бул каражаттар Кыргызстанга биринчи кезекте берилээри анык болду.  Япония өлкөсү  8 млн. доллар, Германия 500 миң евро болду.  Кытай өкмөтү биздин эң көйгөйлүү маселебизди чечкенге чоң жардам берди, гуманитардык жардам иретинде таажытумоосу менен күрөшүүчү атайы кийимдерди берип, биздин врачтардын көйгөйүн чечти.

Бул өңүттөн алганда биздин абалыбыз өтө деле аянычтуу эмес. Мунун бардыгы Кыргызстандын дүйнүлүк аренадагы аброюн жана ордун көрсөтүп турат. Дүйнөлүк коомчулук бизге ишеним артып жатканын билдирет. Ошондуктан Кыргызстандын эли кыйынчылыкка чөкпөй, башыбызды өйдө көтөрүп, дайыма прогресске умтулуп, дүйнөлүк коомчулук менен бирге алдыга жылууга умтулуубуз зарыл. Биз дүйнөнү  жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат деген ураанды  бийик тутушубуз керек.

Кыргызстандын эли  бүгүн демейдегиден да биримдиктүү, сак, сабырдуу жана айкөл болушубуз керек. Биздин ата-бабаларыбыз бизге мурастап кеткен баалуулуктардан тайбашыбыз керек.

Бүгүн Кыргызстандын тагдырына кайдыгер болбогон саясатчылар, коомдук ишмерлер, жарандар, чет жердеги мекендештерибиз өлкөбүздү түзүлгөн кырдаалдан чыгаруу үчүн колдон келген жардамдарын көрсөтүүдө.  «Келекчекке жол» коомдук кенеши да жакында эле түзүлгөнүнө карабастан өлкөбүздөгү кырдаалды жөнгө салуу максатында иш-чараларды жүзөгө   ашыруудабыз. Буга чейин  «Келечекке жол» коомдук кенеши  жалпы Кыргызстандыктарга кайрылуу жарыяладык.  Бул кайрылууда  бүгункү кырдаалдан  чыгуу үчүн  өкмөткө коомду туура мобилизациялоо, ынтымагыбызды бекемдөө, коомдогу тартипти чыңдоо зарылдыгын эскертип, 10 пунктан турган сунушубузду киргиздик.

«Келечекке жол»  элдик кенеши  алды менен тажытумоосу менен күрөшүү үчүн өлкөнүн айрым шаарларына жана райондоруна киргизилген өзгөчө абалды эл түшүнүү менен кабыл алуусу жана аткаруусу  бүгүнкү күндүн талабы экендигин баса белгилейт. Бүгүн баарыбыз өзгөчө   абалдын шарттарын жана эрежелерин кыйшаюсуз аткарышыбыз зарыл. Кытай өлкөсүнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, бекем тартипти камсыз кылуу менен гана биз таажытумоо сыяктуу коркунучтуу илдетти  жеңе алабыз.

Ооруну жуктуруп албоо үчүн ар бирибиз жеке тазалыкты сактоого өзгөчө  көңүл бөлүшүбуз керек. Ата-энелер балдарын көчөгө же короого чыгарып ойнотпой, такай үйүндө кармоосу абзел. Кыргыз өкмөтү   Кытай жана Орусиядан тажрыйбасы мол врачтарды алып келип, алардын тажрыйбасын пайдалануусу керек.

Башыбызга мүшкүл түшкөндө, кыйын кезенде биз дайыма бири-бирибизди колдоп, «бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып» дегендей, мамлекет башчыбыз С. Жээнбековдун тегерегине биригип, өкмөт тараптан көрүлгөн чараларды так аткарып, бүгүнкү оор кырдаалды  жеңүү үчүн жапа тырмак аракеттенүүбүз  зарыл.

Бүгүн кыргыз элинин тагдыры, келечеги биздин ар бирибиздин аракетибизден көз каранды. Кыргыз элинин келечеги ар бирибиздин колубузда. Ар бирибиздин туура эмес аракетибиз, кайдыгерлигибиз биздин балдарыбыздын, жакындарыбыздын, туугандарыбыздын өмүрунө залал тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан биздин бүгүнкү эң негизги милдетибиз бул – бийлик тарабынан киргизилген өзгөчө абалдын шарттарына баш ийип, аны так аткаруу.

Кадырман калайык, урматтуу замандаштар!

Биз кыяларда кылымдарды карыткан улуу элдин урпактарыбыз. Кылым кезген тарыхында нечендеген кыйынчылыктарга туруштук берип, өлбөй- өчпөй, кыргыз көчү үзүлбөй, уланып  келген.  Кыргыздар руху бийик Манас атанын кубатына ширелген кайраттуу, өжөр, намыска бек эл экендигин унутпайлы!

Өлкөбүздөгү бүгүнкү таажывирусуна байланышкан кыйынчылык –  мамлекетибиз, жалпы   элибиз үчүн чоң сыноо. Биздин кайратыбыз, биримдигибиз ушундай кыйын-кезенде сыналат. Биз бул сыноодон татыктуу өтүүбүз зарыл.

Баардыгыныздарга күч-кубат, акыл-эстүүлүк, сабырдуулук тилеймин!

Урмат менен,

Акеров Табылды,

«Келечекке жол» элдик кеңешинин төрагасынын орун басары, тарых илимдеринин кандидаты, доцент

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: