Бүгүн, 28-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту кыргызстандыктарды ашата сөгүп, кемсинткен Даниэл Ажиевди Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайына 26-майга чейин камакка алды.
Белгиленгендей, ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (улуттар аралык, этникалык, расалык кастыкты козутуу) боюнча айып тагылган.
Буга чейин, Даниэл Ажиев ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кармалып, 48 саатка камакка алынган. Күбөлөндүрүүнү жүргүзүү учурунда ал марихуана баңги каражатын колдонгондугу аныкталган.
Эсиңиздерге сала кетсек, мурун вебкам студия ачып кыздарды иштеткендиги үчүн жазага кириптер болгон ишкер Даниэл Ажиев ушул жуманын башында таажывируска байланыштуу 7 облуска 7 миллион сомдук жардам көрсөтүүнү чечкенин жарыялап, Чүй облусундагы аялуу катмарга азык-түлүктөн жардам бере баштаган. Бирок социалдык тармактарда Ажиевдин акчасы арам жол менен табылган, жардамын албагыла деген чакырыктар жазылып, ызы-чуу түшүшкөн. Буга ызаланган Даниэл Ажиев 6 млн кыргыз элин ашата сөгүп, кийин өзүнүн мурунку досторун тилдеп буркан-шаркан түшкөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ