Menu

Фото – Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасы Сузакта өзгөчө кырдаалдын талаптарынын сакталышы боюнча рейд өткөрдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-мартта Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын чечими менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, айыл активдери жана ыктыярчы элдик кошуундар менен биргеликте Сузак районунун аймагында атайын рейд өткөрүлдү. Бул тууралу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданттын басма сөз кызматы билдирет.

Рейддин алкагында коомдук жайларда негизсиз топтолуп тургандар, көчөлөрдө калктын санынын аздыгынан өз алдынча эркин түрдө автоуналарын каалагандай коюшуп алган – 60 ашуун жаран аныкталып РИИБге жеткирилип, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң үйлөрүнө жиберилди. Ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган жана тиешелүү документтери жок – 33 автоунаа аныкталып,  алардын ичинене – 28 унаа айып короолорго жеткирилип, унаа ээлерине айыптар салынды.

Өзгөчө абал киргизилген аймакта коронавирус илдетинин жайылуусун азайтуу жана токтотуу максатындагы алдын алуу жана эл арасында түшүндүрүү иш-чаралары жогорку деңгээлде уюштурулуп, жергиликтүү калкка үн жогорулатуучу аппараттардын жардамы менен тиешелүү маалыматтар берилди.

Белгилей кетүүчү жагдай, Сузак айылындагы дүкөндөрдө күнүмдүк тамак-ашка керектелүүчү азык-түлүктөр кенен, тартышсыз жана элге жеткиликтүү түрдө сатылып жатат.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: