23-мартта КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында КР жарандары 1982-жылы туулган, Жалала-Абад областынын Токтогул районунун тургуну Жумадилов Залкар Темиркулович аныкталды.
Бул жаран соцтармактар аркылуу коронавирус бийликтин саясий оюну деген маанидеги пост жайгаштырган.
Залкар Жумадилов менен профилактикалык иш чаралар өткөрүлгөн соң, ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.
Бул факты боюнча материалдар Токтогул райондук ИИБ жиберилди.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.
Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ