Бүгүн, 29-мартта Кыргызстан 5 күндөн бери Москвадан учалбай жаткан өзүнүн 387 жаранын учак менен алып кетти. Бул тууралу Москвадагы кыргыз диаспорасынын лидерлеринин бири Улан Кошматов билдирди.
“Урматтуу мекендештер! Буюрса Шереметьева аэропортунда 4-5 күндөн бери мекенге учалбай жаткан мекендештер түнү Москва-Бишкек багыты бойунча 387 адам учуп кетишти.. Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичке жана ошондой эле Элчи Аликбек Джекшенкуловко мекендештерибиз ыраазычылык билдиришти!” – деп жазат Улан Кошматов.
Мекендештер эрте менен саат 07:30да учушкан, буйруса, күндүзгү саат 14:30 чамасында Бишкекке конот.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ