Бүгүн, 29-мартта саат 12:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган дагы 26 жаӊы адам катталды. Бул тууралу бүгүн өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча республикалык штабдын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Алардын ичинен:
– Чүй облусунда – 2 адам
– Бишкек шаарында -4 адам
– Нарын шаарында – 1 адам
– Ош облусунда – 6 адам
– Жалал-Абад шаарында – 13 адам
Булардын бардыгы обсервацияга алынды, врачтардын көзөмөлүндө болуп жатышат. Ошентип республикада коронавирус инфекциясынан улам ооругандардын саны 84кө чейин өстү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ