Menu

Видео – Касымбек Мамбетов: “Таажывирус табылган 84 кишинин баары ооруканада, анын ичинен 3 адам оор акыбалда, түштүктө акыбал өзгөчө болуп жатат”

Бөлүшүү:

“Бүгүн аныкталган 26 адамдын байланыштарын азыр биздин адистер изилдеп жатышат, байланыштарды 1-деңгээл, анан 2-деңгээл боюнча иликтеп, аларды да азыр обсервацияга жана карантинге жаткырып жатабыз. Ошол коронавирус диагнозу коюлгандардын баары азыр ооруканада жатышат, ошонун ичинен үчөө оор акыбалда, реанимация бөлүмдөрүндө, экөөсү Өзгөн районунда, бирөөсү Сузак районунда жатышат”, – деп билдирди бүгүн, 29-мартта өкмөттүк брифингде таажывирус боюнча республикалык штабдын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов.

“Бизден түштүккө кеткен биринчи медициналык бригада аларга күнү-түнү 24 саат жардам берип жатышат. Биз эртеңден баштап дагы 13-14 адистерди: пульмонологдор, жугуштуу оорулар адистерин жана реаниматологдорду жөнөтүп жатабыз. Түштүктө акыбал кичине өзгөчө болуп жатат, ошондуктан жөнөтөлү деп жатабыз, адистер даяр. Адистерибиз боюнча айтсам 42 пульмонологубуз бар, 267 жугуштуу ооруулар боюнча адистерибиз бар жана 644 реаниматолог бар”, – деди Касымбек Мамбетов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: