Menu

Видео – УКМК: Сокулуктан “медициналык каражаттар жана атайын кийимдер жетишсиз” деген фейк маалыматтарды тараткан Виктория Шамрай кармалып, элден кечирим сурады

Бөлүшүү:

27-мартта КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында соцтармактар аркылуу “медициналык каражаттар жана атайын кийимдер жетишсиз” деген фейк маалыматтар таралгандыгы аныкталган.

Такталган боюнча Чүй областынын Сокулук районунун ҮДТ директорунун орун басары Елена Бондаренконун кызы Виктория Шамрай «Facebook» жана «WhatsApp» аркылуу жалган маалыматтарды тараткан.

Профилактикалык иш чаралар өткөрүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.

Виктория Шамрайдын мындай аракеттерине юридикалык баа берилет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: