Menu

Дамира Ниязалиева, экс-саламаттыкты сактоо министри: “Таажы вирусун алдын-алууда өкмөт 10 күнгө кечигип калышты…”

Бөлүшүү:

Барган сайын каргыш тийгир таажы вирус дартынын карааны Ала-Тоо ичинде да калыңдап, уккан жандын үшүн алууда. Калкыбыз мындай оор кырдаалдан кантип сактанып чыга алат? Мындай соболдорубуз менен ак халатчан апчебиз, экс-министр Дамира Абаскановнага кайрылдык.

–Дамира айым, кыргыздын түшүнө киргиз каргыш тийгир таажы вирустун кесепети барган сайын кырдаалды оорлотууда. Айтыңызчы, абал кайсы нукка баратат? Мындай аты жаман апааттан кантип чыгабыз деги?

–Бүгүн биздин элибиз чоң, тарыхый сыноодон өтүп жатат. Албетте, “тилсиз жоону” жеңиш өтө кыйын. Бирок, мен ишенем: Биринчиден, Аллахымдын жардамы менен. Экинчиден, азыркы мезгилдин талабына ылайык, өзүбүз туура иш чараларды жоопкерчиликтүү түрдө аткарсак жеңебиз. Көрдүңөрбү, Кытай эли бүт дүйнөгө таажы вирусун жеңсе болоорун аныкташты. Кудайым буюрса, биз дагы алдыдагы 2-3 айда мындай курч кырдаалдан чыгып калабыз деп ойлойм. Ошондо элибиз эпидемияга чейинки мезгилдеги турмуштун сонундугун, тынчтыкта жашагандын барк-баасын билет болуш керек. Азыр кырдаал күндөн-күнгө курчуп, эң бийик точкасына апрелдин баш-ортосунда жетиши мүмкүн. Мен мындай тыянакты башка өлкөлөрдүн мисалында айтып жатам. Эгерде ар бир жаран санитардык талаптарды так аткарып, өз ден-соолуктарына кайдыгер карабай, карантиндин эрежелерин бекем сактаса жугузгандардын саны көп болбойт.

–Өкмөттүн бул жааттагы иши сизди канааттандырып жатабы? Республикалык штаб кырдаалдын алдын-алууда кандай кемчиликтерге жол берип жатат деп ойлойсуз?

–Өкмөт азыр оперативдүү иш-чараларды жакшы жасап жатышат. Бирок, тилеке каршы, 10 күнгө кечигип калышты. Ошондой эле өзгөчө абал тартибин аткарган механизмдери кечигип жатат. Бул жагы адамдык ресурстун жетишсиздиги же убакыттын аздыгынан деп ойлойм.

–Сиздин ак халатчан кесиптештериңиздин бул вирус менен күрөшүүдөгү ишине канааттанып жатасызбы?

–Ак халатчан дарыгерлер берген антына бекем турган адистер. Ошон үчүн алар дайыма өзгөчө курч кырдаалда өздөрүнүн милдеттерин так аткарышат. Саламаттыкты сактоо министрлиги керектүү жабдыктар, тиешелүү дары-дармектер, бейтап орундары менен алдын-ала камсыз кылышса жакшы болмок. Бирок, кандай болгон күндө да биз азыр жалпы баарыбыз четте карап турбай, колдон келген жардамыбызды элибизге берип, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, таажы вирусун жеңип чыгышыбыз керек.

Маектешкен Нургазы АЙТМУРЗАЕВ.     

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: