Menu

Пакистанга даваатка барып, таажывирус жуктуруп келген 61 жаштагы Нарындын тургуну 200дөй киши менен байланышта болгон

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин таажывируска каршы күрөшүү боюнча штабынын төрагасынын орун басары Касымбек Мамбетов өкмөттүк брифингде өлкөдө дагы 26 адамдан таажывирус табылганын билдирип, эми Кыргызстанда мындай бейтаптардын саны 84кө жеткенин белгиледи.

29-мартта табылган 26 бейтаптын бири Нарын шаарынын тургуну экени айтылган.

Бейтап 61 жашта. Былтыр, 15-ноябрда ал Нарындан Пакистанга даваатка аттанган. Бул тууралу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришет.

4 айдан кийин, 14-мартта ал Пакистандын Лахор шаарынан Ташкенге, андан бери Бишкекке учуп, 15-ноябрдын таңкы саат 10:00дө “Манас” эл аралык аэропортуна келип конгон.

Анын арасында ал 6 саат Ташкент аэропортунун транзиттик күтүү залында Бишкекке самолет күтүп олтурган.

15-мартта ал “Манас” аэропортуна учуп келгенде аны тепловизор менен текшеришип, андан эч кандай симптом байкалбагандыктан аны “үйүңө барып, карантинде олтур, эч жакка чыкпа, эч ким менен байланышпа, эгер дене табың көтөрүлсө, жөтөлсөң тез врачка кайрыл” деп дайындап коё беришет.

Бирок, Нарындын тургуну аэропорттон туура эле Бишкектеги уулунун үйүнө келип, ал жерде 4 күн меймандап жаткан.

19-март күнү гана ал жети орундуу такси менен Бишкектен Нарынга келген.

Таажывирус менен абал оорлошо баштаганда, 22-марттын кечинде таажывируска каршы күрөш боюнча облустук штаб аны чет өлкөдөн келген жаран катары Нарын облустук ооруканага обсервацияга жаткырышып,  анализ алышат.

28-март күнү анын анализинен таажывирус табылат, өзү изолтяторго алынып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары обсерваторго киргизилет. Ал менен байланышта болгон биринчи категориядагы 48 кишиден анализдер алынып, аларга үй карантини жарыяланат. Ал жашаган көчөгө тосмо-бекеттер орнотулуп, көзөмөлгө коюлат.

Ал эми экинчи категориядагы 105 киши үй карантинине коюлуп, бирок анализдер алына элек. Мындай учурдага аракеттердин алгоритми боюнча эгер 1-категориядагы кишилердин анализинен таажывирус табылса, ошондо гана 2-категориядагы кишилерден анализ алынат.

Жалпысынан ал 15-марттан 22-мартка чейин, 1 жумада Бишкек менен Нарында 200дөй киши менен байланышта болгон.

Нарын шаарында да бүгүн өзгөчө абал жарыяланып, жергиликтүү бийлик элди эшикке чыкпоого чакырууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: