Бүгүн, 29-мартта Россиянын Москва шаарынан «Аэрофлот» авиакомпаниясынын чартердик рейси менен «Манас» эл аралык аэропортуна 402 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралу таажывирусту жайылтпоо боюнча республикалык штабдан билдиришти.
“Жүргүнчүлөр менен байланышты азайтуу максатында аэропортто рейсти тосуу перрондо уюштурулду”, – деп айтылат билдирүүдө.
Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн эрте менен Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов 24-марттан бери Шереметьево аэропортунда уча албай олтурган 400гө жакын кыргыздарды Россиянын “Аэрофлот” авиакомпаниясынан самолет жалдап, чартердик рейс менен Бишкекке жөнөттүк. Аба жолдору жабылган Россиядан бул самолетту учуруу үчүн чоң жардам беришкен КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловго чоң ыраазычылык билдиребиз деп жарыялаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ