Menu

“Таажывирустан ар бир 4 мүнөттө 1 адам өлүп жаткан Нью-Йорк” шаарынын жүрөгү Манхэттенден дагы бир мекендешибиз Оксана Сыдыкова кыргыздарга кайрылуу жасады

Бөлүшүү:

АКШдагы мекендешибиз Айбек Хакимов айткандай “таажывирустан ар бир 4 мүнөттө 1 адам өлүп жаткан Нью-Йорк” шаарынын жүрөгү Манхэттенден дагы бир мекендешибиз Оксана Сыдыкова кыргыздарга кайрылуу жасады:

“Мен баардык Кыргызстанда жашаган замандаштарыма, туугандарыма, досторума, тааныштарыма айтарым:

Нью- Йоркто абал өтө курчуп баратат.
COVID-19 жуктургандардын саны 44,635 ге жетти. Андан көз жумгандардын саны 600дөн ашты. Баардык бизнестер мыйзамдуу түрдө убактылуу жабылды. Дары-дармек жана азык-түлүк саткан дүкөндөр гана ачык калды. Курулуш тармагы эң көп акча алып келүүчү булак экенине карабай, андагы иштеген адамдар кечээги күндөн баштап вирусту жайылышын азайтуу үчүн мыйзамдуу түрдө иштерин токтотушту. Эгерде адамдар эшикке сейилдөөгө чыкса бири-биринен 2 метр аралыкты сакташ керек. Ооруканалар өз мүмкүнчүлүктөрүн бүткөндүктөн бейтаптар үчүн Javits Center де 1000ден ашык керебеттер жайгаштырылды.
3.5 миллиондон ашуун ишсиз калган адамдар мамлекеттен жардам сурап кайрылып жатышат.
Достор, баарыбыз үйдөн чыкпайлы. Эрежени сактайлы…”

Оксана Сыдыкова, Манхэттен, Нью-Йорк

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 37 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: