Menu

Кыргызстан Кумтөр алтын кенин казган “Центеррадан” 2.2 млн. доллар дивиденд алат

Бөлүшүү:

“Centerra Gold” ишканасы акционерлерине 11.75 миллион Канада долларын ($8.2 млн. АКШ доллары) дивиденд катары төлөп берээрин жарыялады. Компаниянын 26% акциясына ээлик кылган кыргыз өкмөтү 2.2 млн. АКШ доллар дивиденд алышы керек. Бул тууралуу маалымат “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын сайтында жазылды.

“Centerra Gold” COVID-19 илдетинин бизнеске тийгизген таасирине көз салып турарын билдирди.

2019-жылы 30-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Centerra Gold” компаниясынын президенти Скотт Перри менен жолугушуп, «Кыргызалтын» ишканасына дивиденддерди милдеттүү түрдө төлөө маселесин дагы бир жолу көтөргөн.

Кумтөр кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясынын акционери болгон Кыргызстан түшкөн пайдадан үч жылга жакын убакыттан бери дивиденд ала албай келген. Канадалык компания кен боюнча жаңы келишим күчүнө кирбей жатканын жүйө келтирип, ал каражатты төлөөнү токтоткон болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: