2020-жылдын 27-мартында КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Чүй областынын Ивановка айылынын тургуну, 1967-жылы туулган Маинкуй Ибрагим жалган маалымат тараткандыгы аныкталган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, И.Маинкуй медициналык кызматкерлер дезинфекция өткөрүп жаткан учурду видеого тартып, туура эмес комментарий менен таркатып жиберген. Аны менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.
Ошондой эле Ибрагим Маинкуйдун аракеттерине юридикалык баа берилет.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.
Эскерте кетсек жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ